Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын башкы директору ишкананын Оштогу филиалына болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн райондук электр тармактарында жыйын өткөрдү

4 Сентябрь 2023 ж.

Жыйындын алкагында Алтынбек Рысбеков Өзгөн райондук электр тармактарынын  жаңы жетекчиси Алтынбек Осмоналиевди жамаатка тааныштырды.  РЭТтин мурунку жетекчиси Мирлан Камаловго аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга умтулуусун белгиледи.  Ал Өзгөн районун алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.

«КУЭТ» ААКтын жетекчиси компаниянын реформалары жана пландары  тууралуу айтып берип,  аларды ишке ашырууда компаниянын ар бир РЭТтин  салымы маанилүү экенин белгиледи.

Алтынбек Рысбеков ошондой эле Өзгөн электр тармактарынын  базасын көрүп чыгып, штаттан тышкары учурларды  тез арада жоюуну жана  керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы  менен камсыздоону күчөтүү максатында авариялык - запастардын кошумча эсебин жүргүзүүнү тапшырды.